Ош шаарындагы бассейндердин санитардык абалы текшерилди

Ош шаарындагы бассейндердин санитардык абалы текшерилип, айрым бассейн ээлерине эскертүү берилди. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда Ош шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев тиешелүү жетекчилер менен шаардагы бассейндердин санитардык, техникалык абалын текшерди.

"Калаадагы 10дон ашуун бассейндерде жугуштуу оорулардын алдын алуу үчүн санитардык-гигиеналык жана техникалык талаптарга жооп бериши текшерилди. Анын ичинен экөөсүнө кемчиликтерди жоюу үчүн эскертүүлөр берилди. Ошондой эле коомдук жайлардын ээлерине эс алуу жайларындагы талаптарды жакшыртуу, эс алуучуларга ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн атайын тапшырмалар берилди", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kechirmeni
2017-07-13 12:00:28
Туура кылат. Баарын текшерип тиешелуу талаптарды коюп контролдооо керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан