12 метрлик жылан менен телевизор көрүп отурган кыздын видеосу интернетте популярдуу болууда

Эд Таока аттуу интернет колдонуучусу өзүнүн жеке баракчасына узундугу 12 метрлик жылан менен кызынын телевизор көрүп отурган видеосун жүктөгөн. Видеого караганда, Шер аттуу питон кызды кучактап, кээде эстеп коюп телевизор көрүп отурат. Муну көргөн социалдык тармактын колдонуучулары кыздын апасына уруш сөздөрүн айтышып, анын бул кылыгына таң беришкен. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, бир күндүн ичинде аталган видеоролик 252 миңге жакын көрүү, 4 миңден ашуун "жакты" белгисине ээ болуп, 1500 жолу бөлүшүлгөн. Видеодогу чоң жыландын ээси өзүнүн баракчасына сойлоп жүрүүчү жаныбарлардын видеосун жүктөп турат. Ал жерге "Жыландар элдер ойлогондой жырткыч эмес", - деп жазып алган.

Кыздын апасы Эд: "Видеолорум аркылуу сойлоп жүрүүчү жаныбарларга жакшы мамиле кылып, кам көрсөк алар сизге өзүнүн тынчтыкты сүйгөн жаратылышын көрсөтүшөт деген ойду айткым келген. Биздин үйдө Сонни жана Шер аттуу назик, сүйкүмдүү үй жаныбарлары жашайт", - деп билдирген.

Кичинекей кыз 12 метрлик жылан менен телевизор көрүп отурат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Firdaus-Muslim
2017-07-13 20:22:01
Атты теппейт деп, итти каппайт деп болбойт дегендей. Жыланды көргөндө үшүп кетесиңго адам.
+4
bond02
2017-07-13 21:22:49
Телевизордо кандай передача болуп жатты экен дейм да.
+2
meerimma84
2017-07-14 08:48:46
bond02,жылан көргүдөйбү
0
ZAMAN007
2017-07-13 21:27:54
Айчурок менен Анжеликанын талаш-тартышын коруп отурушат.
+27
AIZAD
2017-07-13 22:02:52
Кээ бир адамга караганда айбандын журогу тазараак деп ойлоп да кетесин.
+2
raykray
2017-07-13 22:52:59
суйкумдуусу башынан калсын
+1
dinar-87
2017-07-13 23:39:05
Коркпогонун буякта туруп мен олуп калайын дедим.
0
Aziz_aka
2017-07-14 00:25:05
Мас абалымда Жыланды Карма десе Кармап алыпмын Денеси ото Суук екен Секундта Кесип кеттиго
0
Myrzaw98
2017-07-14 01:24:39
Бору балансы ит болбойт дейт
0
Abdykerimova
2017-07-14 01:29:58
Мен буну жон эле фото шоп депмин .Ишенбедим эле.Бирок жараткан болсо кудайым барыбызбы жаныбарларды да.Анда туздон туз бири бирибизге байланыштуубузда.Аябай сонун
0
Nuraz
2017-07-14 01:36:41
Жылан 12м дей корунбойтго, "Жыркыч эмес" имиш. Турунон жутуп таштачудай эле корунот.
+1
Ferdews
2017-07-14 02:20:01
Америкалык ЖААН окшойт
0
ulan127775
2017-07-14 04:19:07
Уйротулгон жыланго барибир ишенип болбойта ата-энесинин жыланга ишенип кичине баланы жыландын жанына кантип отургусту экен журогу чыдап.
0
Bagdayim
2017-07-14 06:43:11
Жыландын суру башкача го,мен видеосун эмес суротун аран кордум.Апасынын да ою жок экен.
0
meerimma84
2017-07-14 08:50:05
Акыркы замандын келгенида. Жаныбарлар мн достошуп
0
Leilektik
2017-07-14 12:13:50
12 метр эмес 6ты метрда чыкпайтко бул жылан!америкада бир аялды жылан ороп сыгып олтуруп койгону чыккан болчу,айбан айбанда уйротулгон болсода этият болуш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан