50 жаштагыдай көрүнгөн жаш модель кыз сулуулук үлгүсүн өзгөрткүсү келет

26 жаштагы Сара Гартс 10 жашка чыкканда дүйнөдө сейрек кездешүүчү Элерс-Данлос синдромуна чалдыккан. Бул оорудан адамдын териси бузулуп, организм коллаген чыгарбай калат. Мындан улам анын терисине эрте эле бырыш түшүп, өзүнүн жаш курагынан улуу көрүнөт. Бирок ал өзүнүн оорусун жашырбай, келбетинен уялбаганын билдирип келет.

"Менин терим менин эң талуу жерим болчу, бирок мен аны азыр эң сулуу деп эсептейм. Сиздин ар бир кемчилигиңиз сиздин индивидуалдуулугуңуз. Ал сиз жөнүндө, сиздин өмүрүңүз, жашоо үчүн күрөшкөнүңүз, сиздин саякатыңыз тууралуу айтып берет", - деген ал маегинде.

Сара Гартс алгач Миннесотада жашап, кийинчерээк Лос-Анжелеске көчкөн. Анын максаты адамзаттын сулуулук тууралуу оюн өзгөртүү. 2015-жылы ал өзүнүн өмүр баянын жарыялап, аялзатынын кемчиликтерин мактоо боюнча долбоор тартуулаган.

"Сен сенден корккон адамдар менен жолукканы жатасың. Силер башкачасыңар. Адамдар көпчүлүктү карабаган инсанды кантип кабыл алууну, ага кандай реакция кылууну билишпейт. Алар сиздин өзгөчөлүгүңүздү кабыл алышпайт", - деген ал баракчасына.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Ibanurkb
2017-07-13 20:56:50
Молодец!так держать
-1
bond02
2017-07-13 21:18:51
Кудай сактай кор
-1
33SUUN
2017-07-13 22:54:37
Утуктош керек дешет беле куудулдар.
-4
Ibanurkb
2017-07-14 08:02:17
33SUUN,ушол куудулдарынар менен кошо бирдекесинерда!бул оору экен го Антип шылдындаба
Озундун башына келбесин!
+5
Pandora
2017-07-13 23:12:24
Кудай сактасын,оорусу озунон наары кете берсин
+2
Izdeim_seni.
2017-07-19 12:05:50
oorygan adamdu shuldundabasanarchu
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан