Бүгүн саат 15:00дө ырчы Каныкей SUPER.KG`нин түз эфиринде конокто болот

19-июль күнү саат 15:00дө оригиналдуулугу менен топ жарган ырчы Каныкей SUPER.KG`нин түз эфиринде конокто болот. Ырчы акыркы мезгилде чыгармачылыктан бир аз алыстап, үй-бүлөлүк ырахатка чөмүлүп, бала жытына мас болуп жүргөн маалы. Социалдык тармактардагы баракчасынын бирине "көптөн бери күтүп, сагынып калган күйөрмандарыма "Подарю" аттуу жаңы ыр арнадым" деген ырчы күйөрмандарынын бардык кызыккан суроолоруна SUPER.KG`нин түз эфири аркылуу жооп бермекчи. Андыктан +996 557 75 63 63 WhatsApp номерине суроо узатсаңыздар болот.

Ошондой эле түз эфир жүрүп жаткан учурда да "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып, жооп алуу мүмкүнчүлүгү бар.

Оригиналдуу суроо жөнөткөн окурмандарга белектер ыйгарыларын эскерте кетели. Белгилей кетсек, жиберилген суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор конокко узатылбайт.

Каныкей 19-июлда 15:00дө SUPER.KG`нин түз эфиринде
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
farida.kg.1991
2017-07-14 16:33:21
Каныкей сиздин талантыныз бар, үнүнүз жагымдуу бирок эмнеге көзүнүздү көп боёп жүросүз боенбой эле жүрсөнүз жүрө албайсызбы көчөдө же уяласызбы?
-3
Alkan
2017-07-14 22:08:45
farida.kg.1991,женемдин козу кичинекей да ошон учун боенуп журот.
+5
farida.kg.1991
2017-07-14 16:43:44
Айсанат Эдигееваны да чыкырыныздар супер жамааты сураныч
-5
admin_superstan
2017-07-14 17:19:59
farida.kg.1991, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, эске алабыз.
0
monok2001
2017-07-15 20:24:35
Орусиялык белгилуу рэп ырчысы T Killah жонундо кенири маалымат берип коюнуздарчы сураныч?
-2
admin_superstan
2017-07-17 11:29:30
monok2001, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, эске алабыз.
0
aika2015
2017-07-16 12:37:06
Саламматсызбы мага сиздин ырдаганыныз жагат,унунуз жагымдуу. Талантынызга таазим. Коптон бери жаны ырларынызды уга элекбиз. Чыгармачылыкты таштап койгон жоксузбу?
+2
Razzak.kg
2017-07-16 15:06:32
Бир жолу интервью берип жатып мен "кыргыз" динин тутам деген Элен, дагы эле динден кабарын жокпу же окуп уйронуп алдынбы уже турмуш куруп уулду болдун. Эркек бала динден кабары болуп, куран окуганды билиш керек. Аны тамактангандан кийин бата кылганды уйротконсунорбу? Рахмат
-2
Izdeim_seni.
2017-07-17 08:22:16
Жакшы,орингиналдуу у ну бар ырчы.
0
Eleko
2017-07-17 12:23:30
Жаныма келип интервью берсе да кызыгы жок бул кыздын!Сайкал,Малика деген сулууларды чакыргылачы.
+2
admin_superstan
2017-07-17 13:59:56
Eleko, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, эске алабыз. Ал эми Сайкал Садыбакасованын түз эфирин бул жактан көрсөңүз болот: http://www.super.kg/media/stv/195445/
0
izdeim_seni
2017-07-17 16:31:21
Арыбаңыз,Каныкей! Сиз турмуш курганга дейре өтө философиялык терминдерди колдонуп,өзгөчө купуялуу интерьвюларды берчиңиз. "Жашоо бар. Жашагыла"деген сыяктуу. "Кудай мени эч качан кечирбейт"деп да жүрдүңүз? Сыр болбосо эмне үчүн Кудай сизди кечирбейт?
+1
jbolotov
2017-07-17 19:36:31
Адахан Мадумаров, Садыр Жапаровдон инт. алып келсенер жакшы болмок.
+1
Iniesta8
2017-07-18 13:49:22
Бир жылдары Каныкей 1 саат 20 мүнөт тынбай ырдап, живой концертти өзү жалгыз эле берип койгон. Ошондон кийин сыйлап калгам. Ийгилик.
+1
sabyr86
2017-07-18 17:58:47
Гүлбү Ороскул кызын чакырыңыздарчы
0
kanatbekabytovich82
2017-07-19 08:23:35
Назарынарда коркунучтуууу кукла)))
+1
arimle00
2017-07-19 11:45:52
kanatbekabytovich82,озун коркунучтуу
кукласын. Кудайдын жараткан пендесин
сен сынабай эле койчу
-2
aikokul14
2017-07-19 09:14:09
Каныкей ар дайым бар бол!!!Бактылуусуңбу?Мындан ары да бактылуу бол!!!
0
Hadyja
2017-07-19 11:30:26
Каныкей,сиз таланттуу ырчы катары,таланты жок ырчыларга коз карашыныз кандай?Алар оз аранарда кандай зыян алып келет?Уну жок,бирок "ойсоке ханыша ырчыларыбызга" кайрылып бир-эки соз айта кетсениз жакшы болмок.
Себеби,сизди сыйлашып,созунду угушаар.
0
kyrgyz.93
2017-07-19 12:45:49
Спортчуларды деле чакырсанар болбойбу ырчы менен чиновниктерди эле чакыра бербей
0
admin_superstan
2017-07-19 12:49:50
kyrgyz.93, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, эске алабыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан