ЖЫЛНААМА, 14-ИЮЛЬ: "Том менен Жерри" мультфильминин жаратуучуларынын бири Уильям Ханна төрөлгөн

Мындан 107 жыл мурун, 1910-жылы 14-июлда америкалык мультипликатор Уильям Ханна Нью-Мексико штатындагы Мелоуз аймагында жарык дүйнөгө келген.

Уильям Ханна жана аниматор Жозеф Барбер "Том менен Жерри" мультсериалынын башкы каармандары Том менен Жерринин "аталары" катары белгилүү болушкан. Экөө "Hanna-Barbera" компаниясын негиздешип, "Флинстоундар", "Скуби-Ду" жана башка ондогон белгилүү мультфильмдерди жаратышкан.

"Том менен Жерри" мультсериалы 1940-жылдан бери экрандан түшпөй келген. Томду сүрөтчү Ирвин Спенс күзгүдөн өзүн карап, мимика, кыймылдарын көрүп тарткан. Ал эми чычканды Кеннет Мьюс тарткан. Томдун 1-сериядагы аты Жаспер, Жерриники Жинкс болгон. Кийин гана персонаждардын атын өзгөртүшкөн. Мультфильмдин күйөрмандарынан келген каттарга ал кезде аты чыга элек актёр Жек Николсон жооп берип турган. Уильям Ханна 2001-жылы, Жозеф Барбер 2006-жылы каза тапкан. Бирок алардын сериалы искусство жаатында шедеврге айланганын мезгил тастыктоодо.

Уильям Ханна 2001-жылы 22-мартта 90 жашында Лос-Анжелесте каза тапкан.

14-июлга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан