Өзбекстанда чет элдик 225 тасманы көрсөтүүгө жана таратууга тыюу салынды

Өзбекстандын маалымат жана массалык коммуникация тармагындагы эксперттик комиссия өлкөгө алып кирүүгө, таратууга уруксат берилбеген чет элдик тасмалардын тизмесин бекитти.

Бул тууралуу аталган өлкөнүн интеллектуалдык мүлктөр боюнча агенттигинин расмий сайты жарыялады.

Учурда тыюу салынган тасмалардын саны 225ти түзөт. Эксперттердин чыгарган жыйынтыгы боюнча тизмеге кирген тасмалардын баары өспүрүмдөрдүн аң-сезимине терс таасир берүүчү, кыйноо, зордук зомбулук, теңсиздик, салттуу эмес сексуалдык мүнөздөгү тасмалар деп саналган.

Өзбекстандык эксперттер бул тасмалар жаштарды жеңил ойлуулукка, алкоголдук ичимдиктерди ичүүгө, чылым чегүүгө, гомосексуалдуулукка чакырат деп кооптонот.

Маалыматтар боюнча, тизмеде "Секс, вечеринки и ложь", "Гордость и предубеждение и зомби", "Маленькая смерть", "2+2", "Девочки бикини на льду", "Очень страшное кино" сыяктуу тасмалар камтылган. Тизмеге бекитилген тасмалар 2001-жылдан кийин тартылып, сатууга чыгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Nadyrbekkg
2017-07-15 09:03:47
Кана биздеда ушундай болсо
+7
kechirmeni
2017-07-15 09:18:55
Бизде деле козомолдоп коюшса болот эле
+7
jemile
2017-07-15 09:50:42
Эң туура кылган!!!
+7
Rifle_I
2017-07-15 11:50:08
Бизде АШАга карата сындоолор тыюу салынган.
Кинолордун каалаганын көрүп жыргап жаша,керек болсо жарым жылаңач болуп мечиттин алдына митингке чыкса болот.
+9
KIPCHAK-KALMAK
2017-07-15 12:10:24
Rifle_I,Ха олтурупсун
+2
Maks_shop
2017-07-15 12:10:32
Демократия бизде
+3
kutman-kg94
2017-07-15 12:39:42
Аша деген эмне озу
+3
bek_07
2017-07-15 18:09:42
kutman-kg94,Алмазбек Шаршенович Атамбаев, болсо керек )))
0
Jarookerjan
2017-07-15 13:37:16
Биздин мамлекетте да ушул маселени карашса жакшы болмок.Тарбиялык мааниси начар киноолор аябай коп.Оспурумдордун ан сезимине терс таасирин тийгизет.
+3
Djal1987
2017-07-16 00:59:51
Озбектерге запретти кобуроок кылышып бышык кармашат. Баардык жерде оз олкосунон баштап чет олколордо да.
0
muslim87
2017-07-16 02:49:18
Ана элин ойлогон бийлик ушундай болот
0
ulua
2017-07-16 04:15:46
Туура!
0
Losblancos
2017-07-16 13:39:37
Бизде да ушундай болсо
0
Mavlyuda
2017-07-16 17:04:03
Элдин келечегине кам коргон президент ушундай болот. Азамат. Бизде да качан болоткен умут узбой туралычы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан