"Ош облусуна караштуу Алай районунун Үч-Дөбө айылында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрдү", - дейт окурман.
Анын айтымында, бүгүн, 15-июлда жааган жамгырдан улам кыян жүрүп, Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолун жууп кеткен. Унаа жолдо кыймыл 2 сааттай убакытка токтоп, учурда акырындап унаалар жүрө баштаган.
"Анткен менен сел жүрүү коркунучу дагы да күчүндө", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.