ЖЫЛНААМА, 16-ИЮЛЬ: Былтыр Кыргыз Эл акыны Сүйүнбай Эралиев дүйнө салган

Кыргыз Эл акыны, котормочу, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Сүйүнбай Эралиев 1921-жылы 15-октябрда Талас районундагы Үч-Эмчек айылында туулган. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу.

1944-1951-жылдары Талас облустук "Лениндик туу" гезитинин жооптуу катчысы, 1951-1954-жылдары Москвадагы жогорку мектепте, 1965-1967-жылдары СССР Жазуучулар союзунун жогорку адабий курсунда окуган. Кийин "Кыргызстан пионери" гезитинин редактору, Жазуучулар союзунун катчысы, адабий кеңешчиси болуп да иштеген. 1984-жылдан тартып кызматты таштап, биротоло чыгармачылыкка бет алган.

Тунгуч ырлар жыйнагы "Биринчи жаңырык" деген аталышта 1949-жылы чыккан. Котормо өнөрүнө да зор салым кошкон. Акындын жалпы кыргыз тилинде 36, орус тилинде 20, башка тилдерде 4 китеби жарык көргөн. Эл достугу, 1-даражадагы Ата Мекендик согуш ордени жана көптөгөн медалдар менен сыйланган. Сүйүнбай Эралиев 2016-жылдын 16-июль күнү 95 жаш курагында дүйнө салган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан