ЖЫЛНААМА, 16-ИЮЛЬ: "Туулган күнүмдү кечээ белгилеп баштагам, бүгүн да уланат" дейт Дайыр Исмадияров

Эстрада ырчысы Дайыр Исмадияров 1986-жылдын 16-июль күнү Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Мырзаке айылында төрөлгөн. Ырчыны туулган күнү менен куттуктап байланышканыбызда, Ысык-Көлдө эс алып, борборго кайтып келе жатканын билдирди.

"Туулган күнүмдү кечээ эле белгилеп баштаганбыз. Досторум менен Ысык-Көлдө эс алып, жакшы каалоо-тилектерин айтышты. Азыр кайра Бишкекке кайттык. Чыгармачылыктагы достор, шеринелештер менен бүгүн да туулган күн уланат", - дейт ырчы.

Ошондой эле Исмадияров жыл сайын туулган күнүндө алгачкылардан болуп апасы чалып куттуктай турганын, апасынын куттуктоосу туулган күнүндөгү мыкты маанайга өбөлгө болорун кошумчалады.

"Сүйөм сени”, “Студенттик күндөр”, "Ананай", "Кара көз" жана башка чыгармалары менен элге белгилүү болгон ырчы КАУнун психология факультетин аяктаган.

16-июлга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
AykaMer
2017-07-16 18:03:49
Одноклассниктеги куйормандарына жок деген РАХМАТ деген созду жазып койсо болмок экен. Синдилерим куттукташты,бирок жооп жок...:)
0
Aijana121197
2017-07-16 19:33:08
Андан көру аялын мн жарашсан боло,
Же жараштыбы
+10
abusait
2017-07-16 20:06:03
Ушундай да артист бар беле?
+8
meni_kut
2017-07-16 21:14:40
Анжелика экоон тажаттынар суперден тушпой.
+11
Aidan88
2017-07-16 21:18:09
Ayalin menen jarashyp alsan jakshy bolmok ,
+8
Djal1987
2017-07-16 22:15:58
Жамааан жылдыз оорусу мн ооруп журот ушул озунон кеттип.
+8
MoltirJan
2017-07-17 01:03:55
Үнү жок.Вокалдан сабак алып койсо болмок xотя бы.
+6
rejepova
2017-07-17 01:31:18
Туула турган баланды кут андан коро. Мына ошол муноттор баарынан маанилуу Дайырбай!
+5
jbolotov
2017-07-17 01:39:29
ХХ кирсен эле ушул балада ХХХ тиги жакта эс алдым бул жактамын деп. Эркектердей журсон.
+2
admin_superstan
2017-07-17 10:41:27
jbolotov, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
0
Izdeim_seni.
2017-07-17 07:54:03
Дайырдын туулган куну кайда отуп,анан кайсы окууну буткону кимге кызык эми
+3
admin_superstan
2017-07-17 10:42:12
Izdeim_seni., meni_kut, жеке айтышууларга жол берилбейт. Эскертүү!
0
Fatimnazz
2017-07-17 23:38:26
Жашы бир канча болуп калыптыр, дагы эле туулуп буто элек экен да. Байкуш аялына боорум ооруйт. Аялдар учун кош бойлуу убак аябай кыйын да
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан