Бүгүн, 16-июлда саат 19:00дөр чамасында Бишкек шаарындагы Жаш Гвардия бульвары менен Рыскулов көчөсүнүн кесилишинде бир топ кишинин катышуусунда мушташ чыкты. Күбөлөрдүн билдирүүсүнө караганда, мушташка эркек балдарга аралашып аялдар да катышкан. Чыр-чатактан бир аял менен бир жигит эсин жоготкон. Милиция кызматкерлери, медициналык "Тез жардам" кызматы чакыртылып, жабыркагандарды жана жаңжалды чыгарганга шектүүлөрдү алып кеткен.
"Эсин жоготкон аял көчө шыпырып иштейт. Ал шыпырып жатканда эс алып отурган балдар чаңытпай шыпыруусун айтышкан. Аял менен балдардын ортосунда пикир келишпестиктер чыккан. Аялдын балдары келип апасына болушуп, эс алып отурган балдар менен мушташышкан", - дейт күбөлөрдүн бири.