Канадалык актёр жана продюсер Дональд Сазерленд 1935-жылы 17-июлда Канаданын Сент-Жон шаарында туулган. Актёрлук кесипти аяктаган соң 1960-жылдары коркунучтуу тасмаларда роль аткарып баштаган. Бирок атактуулукту 1970-жылдардан соң гана багынтып, "Алтын глобус", "Эмми" сыйлыктарынын ээси болгон.
Актёр "Голодные игры", "Остров сокровищ", "Гордость и предубеждение", "Двойник" жана башка тасмаларда роль жараткан.
Ал Фрэнсис Расетт аттуу актриса менен үй-бүлө курган. Андан сырткары канадалык актриса Ширли Дуглас экөөнүн никесиз туулган Кифер Сизерленд аттуу уулу бар.
17-июлдун жылнаамасы.