Индияда күндүн кубаты менен жүрө турган поезд ишке киргизилди. Ал өлкөдөгү ири шаарлардын арасында каттайт. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары билдиришүүдө.
“Биз 6 вагондон турган, 1600 аттын күчүнө тете поезд чыгардык. Ал күндүз гана эмес, кечинде да жүрө алат. Себеби анда атайын аккумуляторлор орнотулган”, - деген темир жол кызматынын өкүлү Анин Саксена.
Индия жыл бою күндүн кубатын үзгүлтүксүз алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Андыктан күндөн кубат алуучу поезд жылына 90 миң литр күйүүчү майды үнөмдөйт.
Буга чейин кытайлар дүйнөдөгү күндөн кубат алуучу эң чоң батарея жасашкан. Ал 100 миң адамды электр энергиясы менен камсыздай алары маалымдалган.