Аида Салянова сотко мурдагы орун басарынын келишин талап кылды

Бүгүн, 17-июлда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум уланууда.

Айыпталуучу Аида Салянованын жактоочулары сотто көрсөтмө берүү үчүн экс-министр Жылдыз Мамбеталиеваны чакыруу өтүнүчүн келтиришти. Мамлекеттик айыптоочулар өтүнүчтү четке кагууну, отурумду улантууну сунушташты. Сот күбө Мамбеталиева өлкөдө эместигин, аны кийин сураса болорун айтып, отурум улантыларын билдирди.

Мындан кийин Салянова: "Сиз күбө Мамбеталиеваны сотко чакыруу чечимин кабыл алгансыз. Бүгүн эмне үчүн баш тартып калдыңыз? Мамбеталиева сотко келерин айткан, аны бүгүн сурашыңыз керек. Эгерде чакырбай турган болсоңуз, анда түшүнүктүү. Баары чечилген, сизге чындык керек эмес", - деди.

Жылдыз Мамбеталиева убагында юстиция министринин орун басары, кийин юстиция министри болуп иштеген.

Сот кеңешүүчү бөлмөгө кетти.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын декабрь айында Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
General.kg
2017-07-17 15:08:23
Айбек(сот) менен Аида авысын эле болуп калбаптыр да.))
0
Revolyutsiya2
2017-07-17 16:45:03
Мына мурдагы акыйкатчы Бакыт Аманбаев айтып отурат, Колдогу окуя боюнча камалып когала болуп токмоктолгон балдардын сурот-видеолорун баш прокуратурага жонотсом ошол убактаны прокурор Салянова кыйноонун белгилери жок деп бул боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тарткан деп...

Мырзакматовду сыртынан соттоодо да Салянованын "салымы" бар.

Тиги каза болгон кыз боюнча козголгон кылмыш ишине да аталаш агасын коргоп, Салянова бут тосуп келгенинен копчулук эл кумон санабай калды.
0
Revolyutsiya2
2017-07-17 16:48:06
Эми оз башына тушуп отурат. Мен учурда соттук ткриштуулору журуп жаткандар арасынан С.Жапаров, Шыкмаматовдорго козголгон кылмыш иштерин саясий буйрук деп билемин. Ал эми Салянованы мен актай албайм, анткени ал кечоо баш прокурор болуп турганда бийликтин камчысы болуп, бир жактуу кызмат кылган бийликке, бийликтин оппоненттерин жалган жалаа менен сотко суйроп...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан