ЖЫЛНААМА, 17-ИЮЛЬ: Актёр Анвар Осмоналиев өзгөчө датага туш келген туулган күнүн чакан чөйрөдө белгилей турганын айтты

"Асман алдында” тасмасы аркылуу белгилүү болгон жаш актёр Анвар Осмоналиев 28 жашка толду. Ал 1989-жылы 17-июлда Бишкек шаарында төрөлгөн. Кичинесинен актёрлук кесипке кызыккан Анвар учурда Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында эмгектенет. Ал бүгүнкү туулган күнүн өткөрүү алдында турганын SUPER.KG порталына маалымдады.

“Негизи туулган күнгө анчейин деле маани бербейм. Бирок быйылкы туулган күнүм 17.07.17 деген өзгөчө датага туш келиптир. Андыктан аябай майрамдабасам дагы тууган-урук, жоро-жолдошторду чогултуп, чакан кече уюштурсамбы деп ойлонуп жатам”, - дейт актёр.

17-июлдун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kurmanbek_9009
2017-07-18 11:24:14
Анвар доске туулган күнүң менен куттуктайм! Баардык жакшы нерселер ден-соолугуң болбосо бир тыйынга татыбайт. Мен сага ден-соолук тилейм. А башкасы Жараткандын амири менен өз учурунда боло берет. Чыгармачылыгың гүлдөй берсин. Эң башкысын айтайын, убакыт келди аяш апаны келиндүү, бизди аяштуу кыл эми.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан