Ооганстандын борбору Кабул шаарында жаңыдан турмуш жолуна аттанып жаткан колукту атышуудан улам каза тапты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Окуя ишемби күнү катталган. Анда үйлөнүү тойго даярдалган кортеж менен эки жаш жана коноктор шаар айланып, андан сырткары асманга ок атышкан. Алар жүрүп бара жаткан жолдун боюнда өлкөдөгү аткаруучу бийликтин башчысынын экинчи орун басары Мохаммад Мохакиктин үйү жайгашкан. Анын күзөтчүлөрү ок атып жаткан кортежди коркутуу иретинде кабыл алышып, жооп катары ок чыгарышкан. Жыйынтыгында үлпөт тойдун негизги каарманы болгон колукту каза таап, андан башка 4 киши жаракат алган.
Учурда кортеждин 2 жүргүнчүсү жана 2 күзөтчү суракка алынууда. Колуктуга кимиси ок чыгарганы азырынча белгисиз.