Meizu компаниясы Meizu Pro 7 смартфонун 26-июлда тартуулайт. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышууда.
"Бул күнү смартфондордун 2 түрү, Meizu Pro 7 жана Meizu Pro 7 Plus көрсөтүлөт. Алардын арткы панелинде дагы кошумча экраны бар. Бул дисплейлер кандай технология менен жасалганы белгисиз. Ал же түстүү, же электр сыясынан (e-ink) чогултулган болушу мүмкүн", - деп жазышат маалымат булактары.
Ошондой эле смартфондордун өзгөчөлүгү негизги камерадан экөө болот, фронталдык камерасы 16 мегапикселдик. Айрым басылмалар жеке булактарына шилтеме берүү менен болжолдуу бааларын жарыялашкан. Ага ылайык, Meizu Pro 7 410 доллар (25900 сом) болсо, Meizu Pro 7 Plus жок дегенде 500 доллар (34615 сом) болот.