"Медиа-порталдын" "Элдик видео" бөлүмүнө "Алсу кыздары менен "Зимний сон" чыгармасын аткарышты" видеосу жүктөлдү (ник: Sweet_lady).
Орусиялык ырчы Алсу 1999-жылы ырдап чыккан “Зимний сон” ырын былтыр, 2016-жылы “Рождество” майрамына карата кыздары Микелла жана Сафина менен биргеликте аткарган. Бул трио көпчүлүктүн купулуна толуп, бир канча убакыттан бери ырчыга жана анын кыздарына карата ар кандай жылуу сөздөрдү, сын-пикирлерди алып келүүдө. Ал гана эмес бул аткаруудан соң ырчынын эмес, кыздарынын жашоосуна кызыккандар көбөйгөн. Бул боюнча ырчы жөн гана кыздары менен сыймыктанарын айткан.
Концерттеги үзүндүнү бул жерден көрө аласыз.