Нарын облусунда катуу шамал болуп, ондогон үйлөрдүн чатырын учуруп кетти

19-майда Нарын шаарында, Нарын жана Ат-Башы райондорунда катуу шамал болуп, бир нече турак үйдүн чатырын учуруп кетти. ӨКМнын маалыматы боюнча, шамалдын кесепетинен Нарын шаарындагы Токтогул атындагы орто мектептин 416 чарчы метр чатыры, шаардагы көп кабаттуу турак үйлөрдүн биринин 550 чарчы метр, 12 турак үйдүн 743 чарчы метр чатырын учуруп кеткен. Нарын шаары боюнча жалпы материалдык чыгым 722 миң 782 сомду түздү.  

 

Мындан сырткары Нарын, Ак-Талаа райондорунда дагы ондогон үйлөрдүн чатыры кыйрады. Учурда Жарандык коргоо комиссиясы жеринде тактоо иштерин алып барууда. Катуу шамал адам өмүрүнө зыян алып келген фактылар катталбаганын ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан