19-майда Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беш-Корук айылындагы көлгө 1955-жылы туулган 1 адам чөгүп кетип, табыла элек. Издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМнын Куткаруучуларды даярдоо борборунун кызматкерлери чыгышып, жыйынтык чыккан жок. Учурда издөө иштери жүрүп жатат жана анын көлгө чөгүп кетүү себеби такталууда.