Сот Аскар Акаевдин күйөө баласы Адил Тойгонбаевди 20 жылга кесип, аэропортко 677 миллион 291 миң сомдон ашык акча төлөтүү чечимин чыгарды

Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурдагы президент Аскар Акаевдин күйөө баласы Адил Тойгонбаевге карата өкүм чыгарганын Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева 18-июлда SUPER.KG'ге кабарлады.

Сот аны 14-июлда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин бир нече беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, 20 жылга сыртынан камакка алуу жана мүлктөрүн конфискациялоо чечимин чыгарганы маалым болду. Ошондой эле соттун чечимине ылайык, Тойгонбаев 200 эсептик көрсөткүчтө айып пул төлөп, жаза мөөнөтүн абакта күчөтүлгөн режимде өтөп, "Манас" эл аралык аэропортуна 677 миллион 291 миң 300 сом төлөп берүүсү керек.

Эскерте кетсек, 51 жаштагы Адил Тойгонбаев Аскар Акаевдин тун кызы Бермет Акаеванын мурдагы күйөөсү болгон. 2005-жылдын август айында КРнын Башкы прокуратурасы Адил Тойгонбаевди камакка алууга буйрук чыгарып, бирок ал Кыргыз жеринен качып кетүүгө үлгүргөн. 2014-жылдын 9-февралында Орусиянын Шереметьево аэропортунда кармалып, 11-февралда бошотулган. 15-февралда ал экинчи жолу кармалып, 17-февралда чыгарылган. Тойгонбаев эл аралык издөөдө жүрүп, 2016-жылдын 6-мартында Дубайда кармалып, күрөө менен бошотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Adil706070
2017-07-18 14:20:16
Кыргызстанда жок болгондон кийин мага демек миллиард сом айып пул толотсонор дагы,200жылга кесилсе дагы пайдасы жок.
+19
kechirmeni
2017-07-18 14:27:59
Анттик мынттик дейт бир козго корунорлук результат жок. Типа мына биз иштеп атабыз деп.
+4
krem
2017-07-18 14:52:44
Эо ана крда жүргөндөрдү обу жок соттобой качып чыгып кеткиче ушундай жазаларды колдонгулачы карыздан ары бери кутулабыз жок адамдарды сыртынан соттой бербей
+5
Muslim_KGstana.
2017-07-18 15:04:53
Галдир соттор
+8
nur...nur.
2017-07-18 15:34:30
Сыртынан кесип салганы зорда бизде закондун кучтулугун кара
+10
tursunbaev78
2017-07-18 15:41:30
nur...nur.,мен да ошону айтайын дегемин сыртынан кесип кыйратышты
+4
Begmat1992
2017-07-18 15:59:39
Бул сот емес сот болумуштар кантип ушундай болсун кармап келип соттобойсунарбы бул акмакчылык
+2
taalay25
2017-07-18 16:02:59
А. А. Акаевды акылдуу адам деп откондо интерьвюсун уксам балдарына соз жуктурбайт. Укмуш гулдотуп атса аны кууп чыккан имишбиз. Дагы бир жалганды балп эттирди "2004-жылы шайлоого катышбайм", деп айтанмын"-деп. 2000-жылы да катышбайм деп Эл суранып атат деп коюп алды эле го. Андан кийин иштегендер баары акмак экен созунун торкунун уксан. Кеч болсо да кеткенин жакшы болуптур дедим
0
Tailgate
2017-07-18 20:53:18
Колунардан келе турган ишке чечим чыгарсанар ХХХ!
+1
taku1414
2017-07-18 21:32:19
жоо кеткенден кийин кылычынды ташка чап болуптур да.
0
aman0296
2017-07-18 23:03:17
Качан гана турмого кесилип, акчаны тологондон кийин ишенем.
0
Dimonbek
2017-07-18 23:13:47
Судьяларга уят , позор !!! Жок кишини соттойт. Кылмышкер алдында турса бошотот. Канчалаган оор кылмыш жасагандар боштондукта жүрөт
0
jbolotov
2017-07-18 23:36:30
Позор! Менда кармап келип соттогон окшойт депмин. А. Тойгомбаев деген азыркы бийликти Атамбаевди пошел вон деп коетурган адам.
0
Best.bakyt
2017-07-19 04:01:31
Атамбаевтин алты жылы соттошуп журуп бутту го. Ушундан коро пайда берчу иш кылсанар мыкты болмок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан