“Азия MIX” КВН командасынын оюнчусу, "Большие люди" долбоорунда каардуу Баха братандын ролу аркылуу белгилүү болгон Ренат Тентимишовдун көзү тирүү болгондо 30 жашка чыкмак. Ал 1987-жылы 18-июлда Бишкек шаарында туулган. Немис тилин тереңдетип окуткан №23-гимназияны аяктаган соң Борбор Азиядагы Америка университетине өткөн. Аталган окуу жайды аяктагандан кийин, Башкаруу академиясынын мамлекеттик башкаруу факультетине тапшырган. Аны бүтүп банкта бир жылча иштеп, кийин "Азия MIX" КВН командасына кошулган. Андан сырткары "Общага" телесериалынын сценарийин жазууга катышып, тасмада роль жаратууга да жетишкен.
Ренат Тентимишов 2013-жылдын 19-август күнү кечинде өзүн жаман сезип, ооруканага жеткирилген. Ал эми 20-августта эртең менен 26 жаш курагында көз жумган. Маркум 22-августта туулуп-өскөн жери Кочкор районунун Мантыш айылында жерге берилген.
18-июлдун жылнаамасы.