ЭЛДИК КАБАР: "Кызыл-Кыя шаарындагы тазаланбаган таштандынын азабын тартып жатабыз" дейт окурман

Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарындагы Султанов, Маяковский жана Ленин көчөлөрүнүн тургундары мэрияга нааразы. Бул тууралуу "Элдик кабарга" окурман билдирди.

"Шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн ортосунда таштанды төгүүчү жай бар. Аны мэриянын тийиштүү кызматы тазалап турушу керек болчу. Бирок канча ирет кайрылсак дагы көңүл бурбай, ташып кетпей жатышат. Таштанды улам барган сайын көбөйүүдө. Ал жакка адамдар мал-жан, ит-куштун өлүгүнөн тарта эч нерсени ылгабай баарын таштай беришет. Жайкы аптапта күнү-түнү терезелерди ачып коюуга туура келет. Антейин десең сырттан "урган" жагымсыз жыт буга жол бербейт. Анысы аз келгенсип таштандынын жанына адамдар бир нерселерди өрттөшөт. Уй, койлор ошол жерге жайылып, таштандыдан бир нерсе терип жешет. Аларга аралаш балдар да ошол аймакка жакын ойноодон башка аргасы жок. Оору-сыркоо жугабы деп коркобуз. Айтор, ушул көйгөйгө көңүл буруп чечип бере турган бирөө-жарым бар болду бекен?" - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Кызыл-Кыяда таштанды тазаланбай жатат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Gulim_zamujem
2017-07-19 16:16:27
Ошол мусорду таштаган озунордо куноо.
-6
kechirmeni
2017-07-19 16:31:18
Gulim_zamujem,Нормальный мусоркана салып беришсин анда мэрия
+1
nazi25
2017-07-19 16:34:55
Кызыл-кыянын көп жеринде ушул көрүнүш.Көрүп атабыз го.
+2
alishsapan
2017-07-19 18:35:52
Мусорго деп акча алышты билишет тазалап коюшту билишпейт
+1
ayjan_90
2017-07-19 20:01:04
Дайыма ушундай Кызылкыяда мэр город иштебейт сасыгы домдорго аябай урат а базары деле толтура мусур
+2
Kaninaiman
2017-07-19 20:28:42
Ой тообо балкондон карап олтуруп зеригип ушуну айтайн дегенго,Абиш халмурзаев тазалап берет беле озунор иреттуу таштасанар боло
-1
KGstan1981
2017-07-19 21:12:33
Бул кочоо Ленина кочосу.Бул кочодон 200метрдей алыстыкта Орозбекова кочосу жайлашкан.Орозбекова кочосундо жер уйлор жайлашкан копчулугу жергиликтуулор б.а местныйлар.Орозбекова кочосундо ар жума сайын мусорду алып кетишет.Ал эми бул видео тасмадагы многоэтажный уйлордо приезжийлер б.а айылдан келгендер жашашат.Кээбироолору паска тушуштон зеригип терезелеринен мусорду ыргытышат.Анан мусорду алып кетиш у-н акча толош керек ЖЭКке алар толошпойт ошону учун мусорлор кобойуп кеткен.
0
miki87-06
2017-07-20 12:26:33
Ал мусоркананын айланасындагы 13 көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары мусор таштайт. Силер үчүн чекелери тосулган өзүңөр таштанды таштаган жерге алып барып таштасанар белгиленген тосулган жерден силердин мусорунар чыкпайт. мусорду ар дайым убагында эле алат го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан