Түркиянын Каркамыш шаарында түркиялык жана италиялык археологдор күлүп турган быйтыкча тартылган байыркы кумура таап алышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Бул мезгилдин эң кызыктуу табылгаларынын бири быйтыкчанын сүрөтү бар кумура болду. Ал биздин заманга чейин 1700-жылдарга таандык, биз дүйнөдө эң байыркы быйтыкчаны таптык десек болот. Биз чеберлер эмне максатта кумурага быйтык тартышканын билбейбиз", - деген топтун жетекчиси, Болон университетинин профессору Николо Маркетти.
Анын айтымында, кумура Газиантеп шаарынын музейине берилет. Аталган аймакты изилдөө иштери 2011-жылы башталган.