"Бишкекте 9 жашар кызды өлтүрүүгө катышкан" деп шектелип жаткан Бактыгүл Бекказиевага (сүрөттө) кылмыш иши козголду. Маалым болгондой, Б.Бекказиева Бишкек шаарында 5-май күнү жоголуп, кийин өлүгү табылган 9 жашар Лидия Видясованын бала багуучусу болгон. Окуя болор күнү аталган бала багуучу айым 30 жаштагы Андрей Овчинников аттуу таанышы менен бирге спирт ичимдиктерин ичишкен. Мас болуп уктап калган Б.Бекказиева эртең менен ойгонуп, кыздын жок экенин билген. Ал эми А.Овчинников кызды ээрчитип, Ысык-Ата районунда жашаган эжесинин үйүнө алып барган. Кылмышка шектүүнүн берген көрсөтмөсү боюнча, кызга издөө салынып жатканын ал сыналгыдан көрүп, коркконунан аны тумчуктуруп өлтүргөн. Ал эми Б.Бекказиева бул убакытта Лидиянын энеси менен бирге кызды издеп жүргөн.