Кечээ, 18-июлда испаниялык басылмалардын бири португалиялык футболчу Криштиану Роналду 4-ирет ата болорун расмий билдиргенин жазып чыкты. Футболчу басылмага “мен кайрадан ата болорума бактылуумун” деген, буга чейин ал журналисттердин божомолуна жооп кайтарбай келген.
Роналдунун сүйүктүүсү Жоржина Родригести кош бойлуу деген маалыматтар ушул жылдын май айынан тарта айтылып келет. Бирок түгөйлөр бул боюнча билдирүү тараткандан баш тартышса, футболчунун апасы маалыматты жокко чыгарган.
Учурда футболчунун карын энеден туулган 7 жаштагы уулу жана быйыл төрөлгөн эгиз Матео жана Ева деген ымыркайлары бар.