Талас. Өкмөт башчы Талас-Суусамыр жолун оңдоого 2 миллион доллар таап берем деп убада берди

Премьер-министрдин Талас облусуна жасаган сапарынын алкагында "Ислам өнүгүү банкы" жана Сауд Арабиялык өнүгүү фонду менен бирдикте Талас-Суусамыр автожолун калыбына келтирүүгө 20 миллион доллар насыяга берүүгө макулдук бергени маалым болду. Бирок Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Келдибек Ибраев 30 чакырымдык Талас-Суусамыр жолун калыбына келтирүү үчүн жалпысынан 22 миллион доллар сарпталарын кабарлады. Жолго жетпеген 2 миллион долларды премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев таап бере тургандыгын убада кылды. Жолду калыбына келтирүү иштери келерки жылдын апрель-май айларында башталмакчы. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан