Бүгүн, 19-июлда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум уланды. Отурумдун жүрүшүндө күбө катары Керимбек Макеев көрсөтмө берди.
"2010-жылы 13-майда Ош облусунун губернатору азыркы премьер-министр Сооронбай Жээнбековду эл сыртка чыгарып койгон. Кийин сүйлөшүүлөр жүрүп Жээнбеков кайра ордуна отурду. Чотонов менен Исаков кечке маал тик учак менен учуп келгенде биз тосуп алганбыз", - деди Макеев.
Ал эми Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Болот Шер: "Мен Текебаевдин эң жакын адамы катары ар дайым жанында болдум. Анын 1 миллион доллар алды дегени мени таң калтырууда. Ал мага эч качан бул сумма тууралуу айткан эмес. Ал сырын жашырбай мага айтчу. Миллионду шайлоого колдонуптур деп күнөөлөп жатышат. Партия мүчөлөрүнүн арасында миллион долларды төлөп коё турган белдүү жигиттер бар эле. Өмүрбек Чиркешович 25 жылдан бери саясатта жүрөт. Ал абийирин 1 миллионго сатпайт болчу. 2010-жылдын 21-декабрында ал экөөбүз Бишкектин четиндеги таш кордо бышырган жайда болгонбуз. Эсимде калганы 22-декабрь туулган күнү болчу. Биз бир күн мурун белгилегенбиз. Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн милдеттери тууралуу айтсам, экономикалык тармакты Атамбаев карачу. Текебаев Баш мыйзамды жазам деп ошол тармакты өзүнө алган. 2010-жылдын 13-май күндөрү тууралуу айта албайм. Себеби мен ал убактарда дарыланып жүргөн элем", - деп көрсөтмө берди.
Мамлекеттик чек ара кызматынын мурдагы төрагасы Курманакун Матенов болсо, буларга токтолду.
"2010-жылы 13-майда Оштун облустук администрациясын эл басып алган эле. Ошко Исаков, Чотонов болуп аскердик учак менен учуп кеткенбиз. Ошко резиденцияга барганыбызда биз менен чогуу Бакыт Алымбеков, Айтмамат Кадырбаев, Мелис Мырзакматов, Сүйүн Өмүрзаковдор бар эле. Сооронбай Жээнбековду басып алган тарап киргизбей коюп, ал коридордо күтүп турган".
"Ата Мекен" партиясынын катчылыгынын кызматкери Динара Мамытова Текебаевдин кимдер менен жолуккандыгын айтып берди.
"Февраль айынын башында Текебаев иш бөлмөсүндө орус делегаттары менен жолугушкан. Өмүрбек Абдырахманов кирип чыгып жүргөн. Кийин 2010-жылдын 21-декабрында фракциянын жыйыны Өмүрбек Чиркешович жоктугунан болбой калды. Кийинки күнү 22-декабрда өткөн", - деди Мамытова.
Эскерте кетсек, 25-февралда Башкы прокуратура Ө.Текебаевге жана Д.Чотоновго кылмыш ишин козгогон. Башкы көзөмөл органдын маалыматы боюнча аларга орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин арызынын негизинде иш козголгон. Маевский өз арызында Текебаев "Мегаком" иши боюнча 1 миллион доллар алып, аны кайтарбай койгонун айткан.