Бир нече мүнөттөрдөн соӊ “Супер-Инфо” гезитинин тандоосу боюнча "Заманыбыздын супер ырчысы" наамынын ээси, “Түрквизион-2011” эл аралык музыкалык фестивалынын катышуучусу жана "Түрксой" уюмунун "Нооруз-2011" фестивалынын лауреаты, белгилүү ырчы Каныкейдин SUPER.KG порталынын түз эфириндеги маеги башталат.
Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып суроолоруңузду узатып, жооп алсаңыз болот. Мааниси окшош, кайталанма суроолор конокко узатылбайт. Кызыктуу суроо берген окурмандарды атайын даярдалган белектер күтөт.
15:00 Ырчы Каныкейдин SUPER.KG`нин түз эфириндеги маеги башталды.
15:05 Ырчы алып баруучуларга кийинүү стили жана иштешкен стилисттери тууралуу айтууда.
15:10 Суроо: Төрөттөн кийин кантип салмак таштадыңыз?
"Төрөттөн соң 10 килограммга семирип кеттим. Бирок арыктоого эч аракет кылган жокмун. Табиятымдан окшойт 1 жылдан кийин кайра эле калыбыма келип калдым".
15:15 Окурмандын "Үнү жок, өзүн ханыша сезген ырчы айымдарга карата сын айтып коюңузчу", - деген өтүнүчүнө, "Мен адамдарды бөлө албайм, ар бир адам таланттуу" деген жооп узатты. Ошондой эле ырчы сулуулук тууралуу айтып жатып, косметиканы сахнага чыкканда эле колдонуп, күнүмдүк турмушта дээрлик боёнбой турганын айтты.
15:25 Каныкей жолдошу менен 19 жашында таанышканын жана ал кезде ырчы таптакыр таанымал эмес экенин айтып жатып, жолдошу идеалдуу эмес экенин, бирок терс сапаттары жок экенин кошумчалады.
"Жолдошум "үйлөнүүгө убакыт келди" дегенде, "үйлөнсөң мага үйлөн" деп өзүм биринчи сунуш киргизгем. Жыйынтыгында мен бактымды таап, жолдошум экөөбүз өмүр жолун кол кармашып бирге улантып кеттик", - деди ырчы.
15:30 Ырчы үй-бүлөсүндөгү оор сыноолорго да токтоло кетти.
"Бардык нерсе буйруктан болот экен. Жаңы турмушка чыгып, кош бойлуу болгон кезимде боюмдан түшүп калган. Ал учурду абдан кайгыруу менен эскерем. Азыр баары жакшы. Татынакай Алимбек аттуу уулум бар", - дейт ырчы.
15:35 Суроо: Актёрлук талантыңызды көрсөтүп, Хюрремдин образын аткарып бериңизчи?
"Менин актёрлук талантым жок. Бир жолу Эльдияр Кененсаров айылдык кыздын образын аткарып берүүмдү суранган. Аны таптакыр эле аткара албай, аябай уят болгом", - деди ырчы.
15:40 Ырчы жандуу үн менен "Садагам" аттуу ырын, андан соң окурмандын суроосу боюнча куурчактын образында "Куурчак" аттуу ырын аткарып берди.
15:45 Суроо: Сизди мусулман эмес дешет. Эгер чын болсо кайсы динди тутунасыз?
"Анда биз Америкада жүргөнбүз, Хеллоуин майрамына карата, майрамдык шаан-шөкөт менен эле образ үчүн, сүрөткө табытка жатып түшүп койгом. Кыргыздын каада-салтын сактаган, мусулман кызымын. Байкасаңыздар, жанатан бери "Кудай буюрса", деп Кудайды кошуп эле сүйлөп жатам го", - деди ырчы. Ошондой эле хиджаб кийип, жоолук салынып жүргөндөргө түз көз карашта экенин билдирди.
15:50 Ырчы алып баруучулар даярдаган оюнга катышууда.
16:00 Суроо: Кыргыз ырчыларынан кимдин ырларын угасыз?
"Чынын айтсам такыр сыналгы көрбөйм. Үналгыдан чет элдик гана радиолорду уккандыктан, кыргыз ырчыларынын ырларын укпайм", - дейт ырчы.
16:05 Суроо: Байкеңиз бар экенин билебиз, эмнеге социалдык тармактарга анын сүрөтүн жүктөбөйсүз? Мамилеңиз оорбу?
"Кудай сактасын, болгону жалгыз байкем болсо аны менен кантип сүйлөшпөй коймок элем? Болгону мен социалдык тармакка үй-бүлөмдү аралаштыргым келбейт. Ал эле эмес апамдын сүрөтүн да интернетке киргизбейм", - дейт ырчы.
16:08 Суроо: Кайын журтка таарынып, төркүнүңүзгө кетип калган учур болду беле?
"Жок, Кудай сактасын, андай боло элек. Катуу уруша элекпиз. "Таарынып, кетип калды" деген нерсе туура эмес. Казак-аяк кагышат, бирок адамдар көтөрүмдүү анан чыдамдуу болуш керек", - деди Каныкей.
16:10 Суроо: "Мен обу жоктоно берем" дечү элеңиз, үй-бүлөлүү болгон соң көз карашыңыз өзгөрдүбү?
"Crazy" деп коёт го, ал жиндилик эмес. Шоктук сыяктуу эле ар бир адамда обу жоктук бар. Азыр менде деле ошондой өнөрүм бар. Менде эле эмес, баарыңарда мындай сапат бар", - дейт күлүп.
16:12 Суроо: Социалдык тармакка ырчы Анжелика менен түшкөн сүрөтүңдү илдиң. Айчүрөк Иманалиева экөөнүн чуусуна кандай көз караштасың? Экөөнүн кимиси менен жакшысың?
"Ар бир адам менен сый мамиледемин. Интригалардан алыс жүргөнгө аракет кылам. Чынын айтсам, билбейм. Көзүм көрбөгөндөн кийин, тактап бере албагандан кийин комментарий берүүдөн алысмын", - деди ырчы.
16:15 Каныкейдин аткаруусундагы "Кара чаң" ырынын клиби көрсөтүлдү.
16:20 Окурмандын суроосу боюнча жандуу үн менен "Күйдүм чок" ырын аткарып берди.
16:25 Суроо: Шакирттерди таптоого планыңыз барбы?
"Жок, уят эмеспи. Өзүм жаш кыз болуп туруп, ырчы болом дегендерге сабак өтөм десем туура эмес болуп калат. Мен анте албайм, убагы келе элек", - дейт ырчы.
16:28 Суроо: Ашканада кандай кожойкесиз?
"Аябай начар кожойкемин. Апам ашпозчу болгондуктан дайыма өзү жасап жүрүп, мен ошого көнүп калган окшойм. Учурда бир гана этти сууга салып, Нарындын бешбармагын жасаганды билем. Жолдошум менден бетер, ашканага таптакыр жолобойт", - деди ырчы.
16:30 Ырчы "Носонте" ырын аткарып, SUPER.KG`нин түз эфириндеги маегин жыйынтыктады.