Ош облусунун Жапалак айыл өкмөтүндөгү 13 айылдын дүкөндөрүндөгү спирт ичимдиктери болжол менен 500 миң сомго сатылып алынып, таштандыга ыргытылды. Муфтияттан SUPER.KG'ге билдиришкендей, бүгүн, 19-июлда Ош шаарынын казыяты, Жапалак айыл өкмөтүндөгү жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл өкмөттүн тургундары жыйынга чогулуп, спирт ичимдигин саткандарга 50 миң сомго чейин айып пул салууну сунуштап чыгышты. Ал эми чогултулган спирт ичимдиктерин сатып алууга каражатты айыл өкмөттөгү жаштар өздөрү чогултушкан.
Буга 14-июль күнү Жапалакта 85 жаштагы аксакалдын мас абалда 79 жаштагы кемпирин өлтүрдү деген шек менен кармалганы түрткү болгон.