АКШнын Индианаполис шаарында 23-29-август аралыгында сууда сүзүү боюнча өтө турган Дүйнө биринчилигине Кыргыз курамасы катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги маалымдайт.
Маалыматка ылайык, аталган мелдешке Рио-2016 олимпиадасынын катышуучусу Денис Петрашов жана Орто Азия чемпиондугунун алтын медалынын ээси Владислав Шулико катышат.
Мыкты даярдык көрсөтүш үчүн курама команда 10-22-август аралыгында АКШнын Луисвилл шаарында окуу-машыгуу жыйындарын өткөрөт.