Илимпоздор: "Тираннозаврлар тасмаларда көрсөтүлгөндөй катуу чуркай алган эмес"

Белгилүү эле кинокомпаниялар тарткан тасмаларда тираннозавр делген ири жаныбарлар жерди титирете чуркап, олжосун кубалап жүргөн кадрларга көп эле күбө болобуз. Чыйпыйыңыз чыгып, олжосун качан кармап бүкүлү жутат деп кызыгып көрүп жүргөн болсоңуз, Манчестер университетинин окумуштуулары аларды саатына 20 чакырымдан ашык чуркай алышкан эмес деген тыянак чыгарышты.

Окумуштуулар реалдуулукка жакындашкан компьютердик программа менен тираннозаврдын моделин түзүшкөн. Буга чейинки изилдөөлөрдө ири жаныбардын этинин салмагына карата изилдеп көрүшүп, саатына 30 чакырым жүрө алат деген тыянакка келишкен. Бирок бул окумуштуулар скелетти да эске алып, мындай тыянакты четке какты.

"Эгерде тираннозавр жай басуудан чуркоого өтсө, анда буттары анын алп денесин көтөрө албайт болчу. Мындан улам аталган жаныбар жай кыймылдап, олжосунун артынан өтө деле аракет кылып кубалаган эмес", - деп окумуштуулар Peer J журналына берген интервьюсунда белгилешкен.

Тираннозавр - динозавр тукумундагы, жер жүзүн байырлаган жаныбарлардын эң ириси делет. Буга чейин палеонтологдор анын олжосун кантип кармап жегени, кыймылынын ылдамдыгы боюнча изилдөөлөрүндө кайчы пикирлерди жаратып, талашып келишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
monok2001
2017-07-19 20:26:03
анда мага деле чуркап детпейт туура
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан