ЖЫЛНААМА, 20-ИЮЛЬ: Мындан 3 жыл мурун куудул Жаныбек Алыкулов дүйнө салган

Куудул, пародист жана ырчы Жаныбек Алыкулов 2014-жылы 20-июлда 54 жаш курагында оорудан улам дүйнө салган. Ал кант диабети менен жабыркап, каза болоруна 3 күн калганда комага түшүп ошол бойдон эсине келген эмес. Анын сөөгү 21-июлда Бишкектеги Ала-Тоо жаңы конушунда жерге берилген. Куудулдун артында жубайы менен 4 кызы жана 2 уулу калган.

Жаныбек Алыкулов Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Жаңы-Жол айылында 1960-жылы туулган. 1981-жылдан тарта чыгармачылыкка аралаша баштаган, бирок өмүрүнүн соңуна чейин бир да мамлекеттик наамга ээ болгон эмес.

20-июлдун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан