Бразилиялык Тиа Сол аттуу улгайган аял мультфильмдердеги жана жомоктордогу каармандарды туурап кийинип, интернет колдонуучуларынын алкоосуна арзууда. Ар кайсы каармандарды туурап сүрөткө түшүп, интернеттеги баракчасына жүктөө - бул көбүнчө жаш курактагы колдонуучуларга мүнөздүү.
Тиа Сол косплей (белгилүү адамдардын жана каармандардын кийимине окшошуп кийинүү жана боёнуу) өнөрүн өздөштүрүүдө башкаларга салыштырмалуу өзгөчөлүгү бар. Ал каарманды кылдат тандап, баарын тең эле туурай бербей, өзүнүн жаш курагына туура келген гана каармандарча кийинет. Сүрөттөрдөн сиз тааныган каармандарга Тиа Сол канчалык деңгээлде окшошуп кийингендигин көрсөңүз болот.