Бишкектин Биринчи Май РИИБи 9 жаштагы Лидия Видясованын өлүмүнө күнөөлөнүп жаткан Андрей Овчинниковду жана кылмышка катышкан бала багуучу Бактыгүл Бекказиеваны 2 айга 1-СИЗОго камады. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматы билдирет. Аталган мекеменин маалыматына ылайык, судья Алмазбек Молдобаев тергөөчүнүн козголгон кылмыш ишине байланыштуу айыпталуучуну камакта кармап туруу санкциясын карап чыгып, аны канааттандырды. Эске салсак, 9 жашар Лидия Видясова 5-май күнү жоголуп кеткен. Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери тарабынан кыз бала багуучусу Бактыгүл Бекказиева жана анын 30 жаштагы таанышы Андрей Овчинников тарабынан өлтүрүлгөнү белгилүү болгон.