"Саякбай" тасмасы Канадада өтө турган эл аралык кинофестивалда баш байге үчүн ат салышат

Режиссёр Эрнест Абдыжапаровдун "Саякбай" тасмасы Канадада өтө турган 41-эл аралык Монреаль кинофестивалында баш байге үчүн ат салышат. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда "Саякбай манасчы" коомдук фондунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, фестиваль ушул жылдын 24-августунда өтөт. Буга чейин Монреаль эл аралык кинофестивалына Садык Шер-Нияздын "Курманжан датка", Дальмира Тилепбергенованын "Асман алдында", Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулунун "Атанын керээзи" тасмалары катышып, байгелүү орундарга ээ болушкан.

Белгилей кетсек, аталган фильмдин бет ачары Кыргыз өлкөсүндө 31-августта өткөрүлөт. Тасмада манасчы Саякбай Каралаевдин образын көпчүлүккө Бопуш ысымы менен таанылган актёр Марат Жанталиев жараткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
aidar.5115
2017-07-20 17:54:09
Бул фильмде, деги эле кинону кино кылган суротчу,коюуучуда (художник,постановщик) анан бул адамдардын аты аталбай эле режиссёр жалгыз тарткандай эле сезилип калат. Журналистердин коп каталарынын бири ушул. Бул Саякбай тасмасынында суротчу коюуучусунун ысымын жаза кетсениздер.
+1
imashbektur.95
2017-07-20 19:33:18
aidar.5115,туура айтасын сага кошуламын,бизде эмнегедир толук жазышбайт.
+1
jbolotov
2017-07-20 20:10:58
Кыргыз элин татыктуу корсото алган фильм болсо экен, Актандын тарткандарын корсото корбогула сынактарга.
+1
bak1122
2017-07-20 21:41:02
эрнест байкеге ишенем мыкты тартат кинолорду
+1
AzKumFerDan
2017-07-21 02:09:11
Саякбай атанын ОЗУ болуп калыптырго Бопуш байке
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан