ЖЫЛНААМА, 20-ИЮЛЬ: Бразилиялык модель Жизель Бундхен 37 жашка толду

Бразилиялык модель Жизель Бундхен 1980-жылы 20-июлда Бразилиянын түштүгүндөгү Оризонтина шаарында туулган. 14 жашынан тарта моделдик кесипке аралашып, атактуу “Versace”, “Dior”, “Victoria's Secret” мода үйлөрү менен көп убакыттан бери иштешип келген. Моделдик иштен сырткары өзүн “Нью-Йорктук такси” жана “Прадо кийген азезил” тасмаларында сынап көргөн. Учурда “Gisele Intimates” маркасы менен ич кийимдерди чыгарып, анын жарнамаларына өзү тартылып жүрөт.

Модель 2000-2005-жылдар аралыгында Голливуд актёру Леонардо Ди Каприо менен сүйүү мамилесинде болгон. Бирок 2009-жылы Томас Брэди аттуу футболчуга турмушка чыгып, азыр түгөйлөр 2 баланы тарбиялап келет.

20-июлдун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jbolotov
2017-07-20 19:37:35
Кыргыз мамлекети учун курошкон ж.б ушул сыяктуу инсандардын даталарын чыгарсанар болмок, жаштар бираз болсода эсине тутканга. Дайыма кайдагы бир женил ой кыздардын орус кызыкчылыгын ишке ашырган адамдарынын даталарын чыгарасынар. Биринчи ММКлар кыргыздын инсандарын которбосо келечекте кандай эл болуп калабыз?
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан