Индияда 37 жаштагы Абхишек Прасад аттуу киши мээсине 7 сааттык операция жасалып жаткан учурда гитарада кол ойнотту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Абхишек Прасад музыкант болуп эмгектенип келген. Бирок акыркы жылдары ден соолугунда өзгөрүүлөр болуп, манжаларын жакшы кыймылга келтире албай, гитарада ойноону токтоткон.
Бул көйгөйү тууралуу дарыгерлерге билдиргенде, дарыгерлер бейтаптын мээсине операция жасоо зарыл экенин айтышкан. Операция ийгиликтүү өтүшү үчүн мээнин кайсы жеринде маселе жаралганын таамай билүүгө Прасад өзү жардам кылган. Хирургдар андан операция учурунда гитара чертип туруусун суранышкан. Муну менен алар операция канчалык деңгээлде ийгиликтүү өтүп жаткандыгын аныктай алышкан.
"Операциянын аягында менин манжаларым жакшы иштеп, гитараны мурдагыдай чертип калдым", - деген Абхишек Прасад.