Казак ырчысы Димаш Кудайбергенов MTV Music Awards сыйлыгын алды

Казак ырчысы Димаш Кудайбергенов Кытайдын Шенжень шаарында MTV Music Awards сыйлыгына татыктуу болду. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, ырчынын PR-директору Алпамыс Шаримов дүйнөдөгү эң перстиждүү сыйлыктардын бири Димаш Кудайбергеновго 40 миңдей адамдын алдында тапшырылганын айткан.

"Буга чейин ырчы Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолукканда MTV Music Awards сыйлыгына көрсөтүлүшү мүмкүн экендигин билдирген. Ошондой эле ал масштабдуу уюштурулган, жандуу үн менен концерт берүүнү кыялданарын айтып, президентке ыраазычылыгын билдирген", - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин Димаш Кудайбергенов "Эл аралык деӊгээлдеги популярдуу ырчы", "Азиянын эӊ популярдуу аткаруучусу" аталып, Кытайда болуп өткөн "I am a Singer" музыкалык сынагынын финалында экинчи орунду багындырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Asalim-99
2017-07-21 11:58:37
Tak derzhat' DimaSH ***
0
grace
2017-07-21 11:58:51
Ырчы болсоң Димаштай бол.
+2
arzygulR
2017-07-21 13:59:07
Ооооо ийгилик дагы да
0
Aitunuk
2017-07-22 02:02:43
Азамат! Өз элинин чыныгы патриоту. Терең урматтайм, ийгилиги кут болсун!
0
Bahira
2017-07-22 15:07:29
Ушул Димаш ото жонокой, акылдуу, ыймандуу анан да патриот жигит экен.Качан караба казакча суйлойт и домбраны да тытатго чиркин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан