18-май күнү Бишкекте жашыруун иштеп жаткан 2 казино табылды. УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, башкы прокуратуранын кызматкерлери УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы менен биргеликте бул казинолорду тапканда, алардын ичинде 100гө жакын кардар жана 30 кызматкер болгон. Кумарчылардын ичинде экс-аткаминерлер, министрликтердин жооптуу жетекчилери жана ЖКнын депутаттарынын жакын туугандары бар болуп чыккан. Иликтөө учурунда 800 миң сом, документи жок 1 даана тапанча, бир нече оюн фишкалары, такай келчү кардарлардын тизмеси жана башкалар табылган. Айтылгандай, Башкы прокуратура бул окуя боюнча кылмыш ишин козгоду.