Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргыз өлкөсү-Оман беттеши башталды

Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо футбол боюнча жаштар арасындагы (U-23) Азия чемпиондугуна тандап алуу этабынын 2-турунун алкагында Кыргыз өлкөсүнүн курама командасы Оман курамасы менен беттеши башталды.

Кыргыз өлкөсүнүн старттык курамында Арстан Кудайбердиев (дарбазачы), Мустафа Юсупов, Георгий Славный, Данила Сокирченко, Айзар Акматов, Азим Азаров, Эрнист Батырканов, Бахтияр Дүйшөбеков (капитан), Абай Боколеев, Одилжон Абдурахманов, Роман Левченко оюн талаасына чыгышты.

Оюндун башкы калысы Катардан келген Сауд Али Аль-Адба болот. Анын жардамчылары малайзиялык Мухаммад Назми Бин Насаруддин жана иорданиялык Абед Аль-Роман Нажи Мохамад Акел болмокчу.

Эске салсак, 19-июль күнү жаштар арасындагы (U-23) Азия чемпиондугуна тандап алуу этабынын 1-турунда Кыргыз футболчулары Ирандын футболчуларына 1-2 эсебинде жеңилип калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Alixan-Nookat.2015
2017-07-21 19:49:53
Гоооооол!
+1
Alixan-Nookat.2015
2017-07-21 19:50:51
1-тайм 1:0 Акшумкарлар алдыда азаматтар!
+3
ZHYRGAl1412
2017-07-21 19:54:37
Адамдар жокко биздикилер утула берип элдин дагы конулу калган окшойт барибир утулушат деп эч ким келбептио
-6
TalaCSKA
2017-07-21 21:00:23
ZHYRGAl1412,сен жата бер уйундо !а так 2500 адам келди матчка эмне 2500 адам сага эч кимби ?
+1
ZHYRGAl1412
2017-07-21 21:59:04
TalaCSKA,ал жерге 19500адам батат ошого салыштырмалуу 2500 аз ото
0
Alixan-Nookat.2015
2017-07-21 20:21:58
2 тайм 1:1 болуп калды ойногула жигиттер азия чемпионатына жолдомо алгыла ошол жактан королу оюнунарды
0
dastan_nookat
2017-07-21 20:52:44
5:1
0
Alixan-Nookat.2015
2017-07-21 20:56:22
Ото начар ойноду биздин команда 5:1 уят физический начар экен чарчап калды 70 мин жетпей чуркай албайт экен машыктыруучу кучтуу болуш керек окшойт
+2
Ulan2601
2017-07-21 21:13:38
Шарманда уят позор!!!
0
ZHYRGAl1412
2017-07-21 22:16:49
Кыргызстан тоонун куйругу жерге тийгенде чыгат азия чемпиондугуна дуйно чемпиондугун айтпай эле койоюн биз учун марс менен жердей аралыгы
+2
ZHYRGAl1412
2017-07-21 22:18:01
Супер инфо ербол атабаев деген футболчу бар элего барсадагы жоголуп кетти ошол жонундо маалымат берип койсонор жакшы болмок
0
admin_superstan
2017-07-24 10:09:55
ZHYRGAl1412, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилген.
0
arawan
2017-07-21 22:56:43
биздикилерде техника чуство деген нол экен скорост жок топко жетпейт тренер орус ал эми омандыкы голандест экен озу орустар футболдон начар башка эвропадан алып келиш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан