Эстрада ырчысы, акын жана композитор, Орусиянын Эл артисти Олег Газманов 66 жашка толду. Ал 1951-жылы 22-июлда Орусиянын Калининград облусундагы Гусев шаарында төрөлгөн.
1981-жылы Калининграддагы музыкалык окуу жайды аяктаган. 1989-жылы Олег Газманов "Эскадрон" тобун түзүп, эл алдына чыга баштаган. Ырчынын аткаруусундагы хитке айланган ырлар - "Путана", "Эскадрон", "Есаул", "Господа офицеры", "Москва", "Морячка" жана башкалар.
Жеке жашоосу
Ырчы эки жолу үй-бүлө курган. Биринчи жубайы Ирина менен 1975-жылы баш кошуп, 20 жыл бирге жашаган. Экөөнүн Родион аттуу уулу бар. 1998-жылы 47 жашында Марина аттуу 18 жаштагы үй-бүлөлүү кызды жактырып калып, 5 жылдан кийин экөө баш кошкон. Түгөйлөрдүн ортосунда бир уул, бир кызы бар.