ЖЫЛНААМА, 22-ИЮЛЬ: Америкалык ырчы, актриса Селена Гомес 25 жашка толду

Америкалык актриса жана ырчы Селена Гомес 25 жашка толду. Ал 1992-жылы 22-июлда АКШнын Техас штатындагы Гранд-Прейри шаарында туулган. 9 жашында кастингден өтүп, “Барни жана анын достору” (“Барни и его друзья”) мультсериалына тартылып калган. Мындан кийин дагы “Күлчү кыз тууралуу дагы бир окуя” (“Ещё одна история о Золушке”), “Ханбийкелерди коргоо программасы” (“Программа защиты принцесс”), “Ханна Монтана” (“Ханна Монтана”), “Тыңчылардын балдары 3: оюн бүттү” (“Дети шпионов 3: игра окончена”) жана башка тасмаларда роль жаратып, көптөгөн сыйлыктардын ээси болгон.

Бара бара ырчылыкка да аралаша баштап, 2009-жылдан тартып “Селена Гомес жана сахна” (“Selena Gomez & the scene”) аттуу поп-рок тобун түзүп, өзү анын аткаруучусу болуп калат. Селена Гоместин ырлары поп-рок, дэнс-поп, синти-поп стилинде. Ырчы 2009-жылы 16 жашында ЮНИСЕФтин мүчөсү болуп катталып, анын тарыхындагы эң жаш ыктыярдуу элчи болгон.
22-июлга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
mma_fighter
2017-07-22 13:02:17
Туулган кунун менен от души
+2
Musabaeva.
2017-07-22 15:32:15
Башкаларга окшоп чаптанбай легкий боёнот жакшы.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан