ЭЛДИК КАБАР: "Ат-Башыда 1 жылда курулчу мектептин имараты 3 жылдан бери бүтпөй, балдар кооптуу жайда окуп келет" дейт окурман

Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Бирлик айылындагы мектептин абалы кооптуу болгону менен, балдар ал жерде окуганга аргасыз. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда SUPER.KG'нин окурманы WhatsApp аркылуу билдирди.

Ал билдиргендей, эскилиги жетип, урай баштаган имаратты түркүктөр менен тиреп коюшкан. Бирок ар бир ата-эне баласын окууга жөнөтөрдө тобокелге барат.

"Жаңы мектептин имараты курулуп, чатыры жабылган бойдон курулуш токтоп калды. 1 жылдын ичинде курулуп бүтө турган мектеп 3 жылдан бери ушул абалда турат. Курулуштун токтогондугунун себебин жергиликтүүлөр билбейт. Жаңы окуу жылы келе жатат, бирок абал өзгөрүүсүз", - деп жазат окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Rawka95
2017-07-22 20:02:15
Бирлик деген айыл
0
ukmuw-ukmuw
2017-07-23 01:59:19
Ушундай жанылыктарды чондор укса алар окубайт дагы!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан