Гарри Поттердин образын жараткан англиялык театр жана кино актёру Дэниел Рэдклифф 28 жашка толду. Ал 1989-жылы 23-июлда Лондондо төрөлгөн. 30дан ашык тасмада роль жараткан Дэниел карьерасын 1992-жылы баштаган. Ал алгачкы жолу 1999-жылы "Дэвид Копперфилд" аттуу фильмде Дэвид Копперфилддин бала чагын ойносо, 2001-жылы “Панамадан чыккан бычмачы” тасмасына тартылган. Бирок ага атактуулукту Гарри Поттердин ролу алып келген. Анын бир жылдык каражаты 23 миллион еврону түзүп, 2009-жылы Дэниел Рэдклифф "Гиннесстин рекорддор китебине" эң көп акча төлөнгөн актёр катары кирген.
Актёр учурда бойдок. 2012-жылдан тарта Эрин Дарк аттуу актриса менен кыз-жигит болуп жүрүп, 2014-жылы жашыруун баш кошушкан деген кептер айтылган. Бирок актёрдун атасы бул маалыматты четке каккан.
23-июлдун жылнаамасы.