ЖЫЛНААМА, 23-ИЮЛЬ: Кыргыз балетинин прима-балеринасы Асел Айдарова 33 жашка толду

Кыргыз балетинин прима-балеринасы Асел Айдарова 33 жашка толду. Ал 1984-жылы 23-июлда Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында төрөлгөн.

Балетке кызыгуусу 6 жашында башталып, ошондон тарта бий ийримине катыша баштаган. 4 жылдан кийин профессионалдык багытта балет тарапка ооп, 10 жашынан баштап Балет училищесине кирип окуп калган. 13 жашында Майрам Акаева уюштурган “Жаш таланттар” сынагында алгачкы жолу сахнага чыгып, ийгиликке жетишкен. 18 жашында окуу жайды аяктап, театрда иштеп калган. Театрда алгачкы жолу “Ак куу көлү” балетиндеги Одетта менен Одиллиянын ролун ойногон. Ошондон тартып Чолпонбек Базарбаев сыяктуу кыргыздын белгилүү балет бийчилери менен биргеликте дүйнөлүк гастролдорго чыга баштаган.

Асел Айдарова 2010-жылы маданиятка жана искусствого кошкон салымы үчүн КРнын Ардак грамотасына татыктуу болуп, 2009-жылы "Маданияттын мыкты кызматкери" наамына ээ болгон.

2013-жылы 23-декабрда Азамат аттуу жигитке турмушка чыккан.

23-июлдун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Izdeim_seni.
2017-07-23 19:45:47
1984julu Bishkek degen shaar jok bolchy. Frunze dep atalchu borboryvyz
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан