Голливуддун белгилүү актёру Николас Кейж 22-июль күнү Астанада өткөн XIII “Евразия” эл аралык кинофестивалына конок катары келди. Анда актёр казактын спорт жана маданият министри Арыстанбек Мухамедиулы менен биргеликте журналисттер менен жолугушуп, андан соң ал жактагы актёрлорго мастер-класс өткөргөн. Соңунда казак эли меймандостугун көрсөтүп, актёрго чапан менен тебетей кийгизишкен. Николас Кейж улуттук кийимди кийип, казактын Эл артисти жана фестивалдын уюштуруучусу Айман Мусахожаева менен сүрөткө түшкөн. Кызыгы сүрөт интернет тармагына чыгар замат, ага карата ар түрдүү сын-пикирлер айтылып, бир күндүн ичинде колдонуучулар тарабынан бир нече мемдер пайда болгон. Алардын айрымдары назарыңыздарда.