АКШнын Флорида штатында дүйнөдөгү байыркы ламантин көз жумду. Снути аттуу жандык 69 жашка чыккан күндүн эртеси аталган шаардагы өзү жашаган океанариумда каза болгон. Бул тууралуу Түштүк Флорида Музейинен кабарлашкан.
“Снути абдан өзгөчө жандык эле. Анын ар бир кыймылы элди кайдыгер калтырчу эмес. Биз аны жоготконубузга абдан кайгыруудабыз”, - деген музейдин өкүлү.
Ошондой эле анын өлүмү эмнеден улам келип чыкканы тууралуу толук изилдөө жүргүзүлөрүн кошумчалаган.
Ламантин – суудагы сүт эмүүчү жандыктардын бир түрү. Алар өмүрүндө бир гана жолу балалуу боло алышат. Бою 2,8-3 метрди түзүп, салмагы 400-500 килограммга барабар болгон жандыктар болжол менен 60 жылга чейин жашашат. Ал эми Снути 1946-жылы 21-июлда Майамидеги океанариумда туулуп, 69 жашка толгон.