Казакстандык команда "Counter-Strike" оюну боюнча өткөн турнирде жеңишке жетип 500 миң доллар утуп алды

16-23-июль күндөрү Польшанын Краков шаарында өткөн “PGL Major 2017” турниринде “Counter-Strike: Global Offensive” оюну боюнча алгачкы ирет азиялык команда жеңишке жетишти. Тактап айтканда, казакстандык 3 геймерден (ред. видео-оюндарды ойногон адам) турган “Gambit Esports” командасы финалга чыгып, бразилиялыктарды 2:1 эсебинде жеңип, 500 миң доллар утуп алышкан. Ал гана эмес, аталган оюндун расмий сайты казак оюнчуларынын бири “AdreN” каймана аттуу Даурен Кыстаубаевди эң мыкты оюнчу катары баалаган.

Буга чейин аталган оюндун жеңүүчүлөрү Швеция, Польша, Франция, Бразилия жана Дания өлкөлөрүнүн оюнчулары болгон.

“Counter-Strike: Global Offensive” – интернет оюну. Анда оюнчу картадагы тапшырманы аткарып, каршылаштарын жок кылуусу керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
ady-88
2017-07-24 13:20:03
Ооо убагында конти страйкты тытчу элекго.
+3
KIPCHAK-KALMAK
2017-07-24 14:08:53
мен дагы эле ойнойм кызык оюн
+2
TIMON_BERKOWITZ
2017-07-24 15:29:20
Мэ сага!!! Контр страйк психиканы бузчу оюн дегендер, ичиңер түтөп дтп болуп кетпесин :))
+2
zzz---zzz
2017-07-25 09:18:35
Азаматсынар балдар убагында мен аябай ойногом команда болуп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан