Стокгольмдогу “Epicenter” ишканасынын кызматкерлери өзгөчө чип ойлоп табышты. Тактап айтканда, мурда ишкерлер офиске кирүү үчүн же түшкү тамакка буйрук берүү үчүн сумкасынан чипти алып чыгып көрсөтүшсө, эми жөн гана колдорун жаңсап коюшат.
Анткени алар сөөмөй менен ортоңку манжанын ортосуна 2 сантиметрлик чипти жайгаштырышкан. Ал 24 саат бою адамдын колунда жүрө берет, ден соолукка эч кандай зыяны жок. Азыр мындай чип 150 адамдын колуна коюлган. Ишкерлердин айтымында, бул чипти колдонгондордун саны дагы өсмөкчү.