Бишкекте бүгүн, 24-июлда саат 18:00дөр чамасында Горький жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде эки унаа сүзүшүп кетти. Жол кырсыгы Ниссан Альмера жана Мицубиси Паджера үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда болду. Окуя болгон жерге "Тез жардам" кызматы келди. Айдоочулар болжол менен жеңил жаракат алышкан. Бул тууралуу SUPER.KG порталына окурман WhatsApp аркылуу билдирди.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.